www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 17-июлунда Ысык-Көлдө ири жол кырсыгы катталган. Андан Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү, экс-депутат Аида Касымалиеванын ата-энеси төрт небереси менен көз жумган. 

Ысык-Көл райондук сотунун 18-мартындагы өкүмү менен Mercedes-Benz W210 үлгүсүндөгү унаанын 21 жаштагы айдоочусу Т.А.Р. Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп табыдып, 3 жылга автомототранспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

«Айыпталуучунун камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. Жабырлануучунун пайдасына 712 989 сом материалдык зыян өндүрүлгөн. Ошондой эле, 6 миллион сом моралдык залал компенсацияланган»,— деп айтылат маалыматта.

Соттолгон жарандын апасы айрым жагдайлар эске алынган эмес деп эсептейт. Ал өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишти көзөмөлгө алууну суранды.

Последние новости