www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Касым-Жомарт Токаев өлүм жазасын алып салды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлүм жазасын алып салуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты.

--"Мамлекет башчысы өлүм жазасынын күчүн жоготууга багытталган жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыга Экинчи факультативдик протокол тууралуу мыйзамга кол койду", – деп жазылат маалыматтарда. 

Бир гана өзгөчөлүк — бул согуш мезгилинде өлүм жазасы. Мындай жаза адам согуш мезгилинде аскердик жаатта өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылгандан кийин гана колдонулат.

Казакстанда 2003-жылы өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизилген. Акыркы мындай жаза ошол эле жылы аткарылган. Андан кийин өлүмгө өкүм кылынган 100дөн ашуун адам өмүр бою эркинен ажыратылган. Жарандык жана саясий укуктар боюнча Эл аралык пакт 1966-жылы кабыл алынып, бир жылдан кийин күчүнө кирген. Учурда ага 173 мамлекет кошулган. Ага өлүм жазасын алып салууга багытталган экинчи факультативдик протокол 1989-жылы 15-декабрда кабыл алынып, 1991-жылы документ күчүнө кирген. Бүгүнкү күндө 88 мамлекет аталган келишимдин мүчөсү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg



 



 

Последние новости