www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Жалал-Абадда өткөн митинг тергелүүдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги 2-январда нааразылык акциясына чыккандар менен жолугуп, Кербен шаарындагы окуя мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана тыкыр көзөмөлдө экенин айтты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын берген маалыматы боюнча, митингге чыккан 300гө чукул адам Аксы районунун тургундары болгон. Алар өткөн жылдын 7-октябрында адам өлүмү менен коштолгон тополоңду уюштурууга шектелип кармалгандарды бошотуу талабын коюшкан.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 7-октябрында акимди кызматтан кетирүү талабы менен нааразычылыкка чыккан жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Мунун кесепетинен алты адам жеңил жараланып, катуу токмоктолгон бир адам 21-октябрда ооруканада жатып каза тапкан. Кылмыштуу окуяны уюштурууга шектелип, Ак-Дөбө айылынын үч жараны камакка алынган.

Белгилей кетсек, мушташта катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов жыйырма күндөн кийин каза болгон. Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбеков дагы кармалган. Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтеп жаткан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости