www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ эле жарык дүйнөгө ата-энесин күттүрүп келген ымыркай кайрадан жерге берилди. Чымындай жаны периште болуп учуп кетти. Тогуз ай бою күткөн эненин жүрөгү кантип зыркырабасын?!
Ак жаздыгы ар бир түнү жашка сууланып, эмчегинен дирилдеп сүт агып, ботосун жоготуп боздоп калды. Тогуз айга жетип, ден соолугу чың, жакшы салмак менен жарык дүйнөгө келген ымыркай төрөтканадан келгенден кийин эмчек эмбей, азыраак чыргоологонунан эне байкуш санааркап ооруканага алып жөнөгөн.
“Балким мындай кылсам, дем салдыра койсом баламдын чымындай жаны аман калат беле?..” деп эне байкуш бармак тиштейт. Үшкүрөт. Ооруканага баргандан кийин эле баланы вакуумга жаткырып, анан түркүн диагноздорду коюп, күчтүү антибиотиктерди сайып, “акча бере салабы...” деп акча үмтөткөн, акырында ымыркайдын чарчап калганын угузган дарыгерлердин ишин эне башынан элестетип, кайра эле ичинен сыздайт.
Сыртта суук кыш. Ымыркай кудум бүрү ачылбай, суукка үшүп кеткендей болду. Бул кыштын ызгаар суугубу, же адамдардын ачкөздүгүнүн, кайдыгерлигинин, жандүйнөлөрүнүн ачкалыгынын суугубу?..
Булак: “Азия News” гезити