www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна 2019-жылдын 1-октябрына чейин берилген мамлекеттик ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ченди жылына 6–8 %га чейин төмөндөтүү сунушун берди. Тийиштүү чечимге Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.
«Бүгүнкү күндө бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү маанилүү. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК мурда берилген кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылган. Ипотекалык компания өз эсебинен пайыздык чен деңгээлин төмөндөтүүсү керек. Пайыздык ченди төмөндөтүү – бул чоң эмес, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандарга финансылык жүгүн кыскартуу максатындагы көмөгү болуп саналат. Буга катар республикалык бюджет каражатынын эсебинен иштеп жаткан ипотекалык компаниянын иштөө механизмин өзгөртүү зарылдыгын белгилеп кетким келет», — деди Артем Новиков.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК учурдагы финансылык абалын начарлатпоо жана ишин турукташтыруу үчүн Каржы министрлиги аркылуу мурда берилген кредиттерди кайрадан карап чыгуу жана мөөнөтүн узартуу боюнча тийиштүү сунуш даярдап чыгууну тапшырды.
Өкмөттүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 416 буйругуна ылайык, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна 2021-жылдын 1-январынан тарта алгачкы төлөмдүн суммасына жараша, өздүк пайданы төмөндөтүү эсебинен, жылына 7-9 % чен боюнча мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ченди жылына 6-8 % ченге дейре кайра эсептеп чыгуу сунушталат.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg