www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда өзгөчө кырдаал апрель айынын аягына чейин узартылды. Бул тууралуу tengrinews.kz кабарлады.

Анын айтымында, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев мындай деп билдирген:

“15-апрелде өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө Жарлыгымдын мөөнөтү аяктайт. Өзгөчө кырдаал абалын жок дегенде, апрелдин аягына чейин узартууга туура келет. Бизде коронавирус жогорку чегине жеткен жок. Эпидемияга байланыштуу кырдаалды жөнөкөйлөтүү мүмкүн эмес. Ушул себептен борбор калаада, Алматыда, Шымкентте жана тиешелүү аймактарда карантин режимин апрелдин аягына чейин узартууну буйрук кылам. Бул популярдуу эмес чечим деп түшүнөм, анткени адамдар көчөгө чыгып, кадимки тааныш көнүмүш жашоону калыбына келтирүүнү каалашат. Бирок карантинден жана өзүнчө обочолонуудан башка айла жок. Бул ата мекендик жана эл аралык вирусологдордун сунуштары ”, - деп белгиледи мамлекет башчысы өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости