www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун Талас районуна караштуу Талды Булак өткөрмө постунан кирип бараткан жүк таашуучу авто унаанын айдоочуларынан коронавирус илдети аныкталып киргизбей артка кайрыган. Бул тууралуу видео-тасманы Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Тилек Эркалиев өзүнүн баракчасына жарыялады.
Аталган видео боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине облус жетекчисинин орун басары Кыял Жанузакова билдирди.
«Өзүңүздөр билгендей Талас облусунун аймагында бир гана “Чоң-Капка” посту иштеп келген. 21-марттан баштап республикада түзүлгөн кооптуу жагдайга байланыштуу Талас районунун Талды-Булак айылында санитардык-карантиндик пункт түзүлгөн. Бул пунктта башында анализ алынчу эмес. Кийин бизге Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан экспресс-тесттер келип, санитардык-карантиндик 2 постто тең сырттан кирип жаткан бардык жарандардан тест алынып баштаган. Ал тесттерде шектүү анализдер (вирус болушу мүмкүн делген) чыккан учурлар болгон. Андай учурда жарандарыбызды обсервацияга алабыз. Атайын мобилдик топ аны жакынкы обсервацияга жаткырып, анализ алынып, ал Бишкек шаарына жөнөтүлөт. Бишкектен жыйынтыгы келгенче ал адам обсервацияда болот.
Бул видео боюнча айтсам, ал жаран чоң жүк ташуучу унаанын айдоочусу. Андан дагы шектүү деген анализ чыккан. Бардык документтер толтурулуп, колуна берилип, анализ чыкканча обсервацияга жатышы керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал жаран тил кат берип, өзүнүн ордуна кеткен. Биздин дарыгерлерден ал жаран боюнча тиешелүү аймакка толук маалымат жөнөтүлгөн. Мындай транзиттик багыт менен жүргөн айдоочулар жөнүндөгү маалыматтар бардык органдарга берилет. Видео боюнча укук коргоо органдары тарабынан териштирүү жүрүп жатат”, - деди ал.
Булак: NazarNews.kg