www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Агродиалог–2026” агроөнөр жай форуму быйыл эл аралык деңгээлде өтөт. Иш-чарага Катардан, Кытай Эл Республикасынан жана коңшу мамлекеттерден тажрыйбалуу адистер менен эксперттер келип, заманбап технологиялар жана натыйжалуу агроыкмалар боюнча өз тажрыйбасын бөлүшөт. Бул тууралуу КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин уюштуруу комиссиясы билдирди.

Чет өлкөлүк адистер сугат системаларын өркүндөтүү, жогорку түшүмдүү үрөн сорттору, мал чарбасындагы инновациялык ыкмалар жана продукцияны экспортко чыгаруу багытында баяндама жасашат. Ошондой эле, форумда B2B форматындагы жолугушуулар, панелдик талкуулар болоору күтүлүүдө.  

Бул кыргызстандык дыйкан-фермерлер үчүн эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. 

Форум 18–19–20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Ал эми 21-февралда жыйынтыктоочу бөлүк Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтанаттуу форматта уюштурулат.

Иш-чаранын алкагында республика боюнча өсүмдүк өстүрүү багытында 20, мал чарбачылыгы боюнча 20 чемпион аныкталып, мыкты дыйкан-фермерлер кызыл килемден өтүшөт. Мындан тышкары, форум ишкерлер үчүн жаңы өнөктөштөрдү табууга жана продукцияны чет өлкөлөргө экспорттоого шарт түзөт. 

“Агродиалог–2026” — бул жергиликтүү тажрыйба менен эл аралык билимди бириктирген ири аянтча болору күтүлүүдө.

Последние новости