www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстиандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар мамлекетине болгон расмий сапарынын алкагында “Power International” жана “UCC Holding” катар компанияларынын төрагасы Мутаз Аль-Хайят менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушууда компания башчысы Мутаз Аль-Хайят КР ТИМ башчысын компаниянын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Компания курулуш, мейманкана бизнеси, тамак-аш, оюн-зоок жана кызмат көрсөтүү тармагында иш алып барат.

Тараптар кызматташуунун келечегин, тактап айтканда, туризм, анын ичинде мейманканаларды жана оюн-зоок борборлорун куруу, айыл чарба, ошондой эле Кыргызстандын продукциясын Катар рыногунда илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык потенциалын эске алуу менен, катарлык компаниянын жетекчиси ГЭСтерди курууга чоң кызыгуусун билдирди. Жээнбек Кулубаев буга байланыштуу инвестициялык жана башка долбоорлорду талкуулоону улантуу үчүн Мутаз Аль-Хайятты Кыргызстанга чакырды.

Өз кезегинде, Мутаз Аль-Хайят Кыргызстандын “Power International” жана “UCC Holding” менен кызматташууга кызыккандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары практикалык иштерге даяр экендигине ишендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости