www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац билдиргендей, эгер Иран Израилдин аймагына ракета менен сокку урса, өлкө Иран менен согуш абалына эртең эле өтүшү мүмкүн.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу «Ynet» порталы кабарлады.

Исраэль Кац зарыл болгон учурда Израилдин Коргонуу күчтөрүнө (ЦАХАЛ) Иранга каршы өз алдынча аскердик операциянын планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилгенин айтты.

Ал АКШнын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгилеп, ошол эле учурда Иран тарабынан Израилге карата жасалган ар кандай ракеталык чабуул күчтүү жооп менен кайтарыларын баса белгиледи.

«Биз Иран Израилди аткылай берет деген кандай гана шарт болбосун кабыл албайбыз. Бул позициябыз америкалык тарапка так жеткирилген. Израилдин Коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) толук даярдыкта турат жана буйрукту гана күтүп жатат. Бутага алынуучу объектилер аныкталган», — деди Исраэль Кац.

Последние новости