www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңгуроо: Кытайлар үй, жер көп сатып алып жатышат

Жаш активист Мунара Маматалиева бүгүн эртең менен болгон окуяны бөлүштү. Маматалиева бул көрүнүштү коомдук кызыкчылык менен байланыштырды:

«Бүгүн эртең менен такси чакырсам, кыргыз байке келип калды. Жолдо аркы-беркини сүйлөшүп баратып: Сени да кытай деп ойлоптурмун, дейт. 
«Эмнеге?» десем:
Күнүнө жок дегенде он чакты кытайды ташыйм. Көбү бир эле мейманканадан чыгышат. Бара турган жеринде сөзсүз «Сатылат» деген жазуусу бар үйлөр же жерлер болот, дейт. 

Бул жөн гана бир таксисттин байкоосу. Бирок чындап эле акыркы убакта кытай жарандары көбөйүп жаткандай сезилет. Алардын арасында ишкерлик үчүн келгендери да, башка максат менен жүргөндөрү да бар. 

Бул көрүнүш биз үчүн кооптуубу же пайдалуубу аны убакыт көрсөтөт. Эң башкысы, өлкөбүздүн кызыкчылыгы ар дайым биринчи орунда болуп, бардык иштер мыйзамдын негизинде ачык жүргүзүлсө жакшы болмок»

Бул тема коомчулукта чет элдиктердин таасири жана жер маселеси боюнча талкууларды күчөттү.

Последние новости