www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандагы полиция кызматкери Аслан Элсеровдун табышмактуу өлүмү боюнча тергөө иштери уланууда, деп билдирет Politico.kz.
Мындан эки жыл мурда Элсеровдордун үй-бүлөсү Казакстандагы үлгүлүү полиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн бири катары коомчулукка кеңири таанылган. «Қайырлы таң, Қазақстан» телеберүүсүнө катышкан жубайлар жети баласы менен бирге үй-бүлөлүк жашоосу жана жетишкендиктери тууралуу айтып беришкен.
Аслан Элсеров эмгек жолун 2008-жылы Алматыдагы патрулдук полиция кызматынан баштап, болочок жубайы Арайлым менен ошол жерде таанышканын айткан. Арайлым маегинде жолдошунун токтоолугу менен кайраттуулугун өзгөчө баалаганын белгилеген.
Үй-бүлө кызматтагы ийгиликтеринен тышкары, спорттогу жетишкендиктери менен да белгилүү болгон. Аслан грек-рим күрөшү менен машыкса, Арайлым жиу-житсу боюнча Казакстандын алты жолку чемпиону болсо, алардын уулдары дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерде жеңиштерди багындырган. Кыздары да спорт жана чыгармачылык менен алектенип келишкен.
Учурда Аслан Элсеровдун өлүмүнүн жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Алматыда полициянын өрттөлгөн сөөгү табылып, маркумдун аялы менен баласы кармалган.