www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бирөөгө сын тагаардан мурда, алгач өзүнүн атасынын музейинин абалына көңүл буруп алсын!”. Мына ушундай орой түрдө Жогорку Кеңештин депутаты, керектүү маалда "Өнүгүү Прогресс" партиясын түзө калып, акыркы төрт жылда Кыргызстанды бутуна тургузуп салган Бакыт Төрөбаев Ширин Айтматованын ун мафиясына байланышкан видео кайрылуусуна жооп кайтарды. Эми, Ширин Айтматованын деле айыптары канчалык деңгээлде негиздүү, канчалык деңгээлде негизсиз экендигин айта албайбыз. Бирок, Бакыт мырза мындай жообу менен аша чаап кетти көрүнөт.

Биринчиден, залкар инсан Чыңгыз Айтматов бир гана уул-кыздарына таандык адам эмес, ал бүтүндөй өлкөнүн, журттун сыймыгы. Андыктан, ал адамдын музейинин абалы канааттандырарлык эмес болсо анда жеке Ширин Айтматованын эле эмес бүтүндөй кыргыз элинин абийиринде, президент Сооронбай Жээнбековдон тартып тээ алыскы Москвада пол жууп жүргөн мекендешибизге чейин.

Экинчиден, Бакыт  мырзага кеңешибиз! Деги өлкө үчүн бир нерсени кыйратып жибербедиңер, же депутат болуп эл өкүлү боло албадыңар, кызматта туруп коомдук ишмер болбодуңар, жок дегенде эркек болчу демекчибиз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости