www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков КР президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш айтты.

Тексти төмөндө толугу менен: 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Жакында Россиянын Оренбург облусунда чоң аскердик машыгуулар болуп өттү. Ал жерге Россиянын Президенти В.В. Путиндин чакыруусу менен биздин Президент кыргыз делегациясынын жетекчиси болуп барды. Күч органдарына азыр реформа керек болуп турган учурда Россиянын мамлекет башчысы үлгү көргөзүп жатат. Бүгүн дүйнө жүзүндө тынчтык жок, ар кайсы жерде согуштар болуп жатат, басып алуу, талкалануу, жардыруулар, терроризм күч алды. Ошолордун баарына бирге каршы күрөшөлү деп куралдуу күчтөрдүн машыгуусу болду.

Кыргызстандын дагы аскер бөлүктөрү катышты. Президентибиз майрамга баргансып кийинип барганы жөнөкөй элдин арасында дагы ар кандай талкууларды жаратып жатат. Мисалы, Россиянын президенти куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы катары аскердик кийимди үстүнө кийип жүрдү. Ал машыгууда (128000 аскерлери катышты) абадагы аскер күчтөрү, артиллерия, броне техникалары, десанттары, аскердик сууда сүзүүчү кемелер жана башка бөлүктөрү куралдарын колдонушуп, танкалары жүрүп, вертолёт, самолеттору учуп жатты. Мындай ири машыгуулар өтүп жатканда биздин делегациянын майрамга баргансып, ак көйнөк, галстук, костюм кийип жүргөнү эл арасында түшүнүксүз болуп калды. Биздин президентке жакшы кеңешчиси жетишпей жатабы, же тышкы иштер министри, коргоо министрлери эмнегедир жанында жүргөн жок деген суроо пайда болот. Бизде куралдуу күчтөрдүн өзөгүн коргоо комитети түзөт. Ал эми бүткүл дүйнө жүзүндө министирликтер. Советтер Союзу убагында мамлекеттик комитеттин жетекчиси министрлерден жогору болчу. Мамлекеттик комитеттин жетекчиси СССР Министирлер Советинин төрагасынын орун басары болуп эсептелинчү. Бизде азыр коргоо министрлигинин статусун түшүрүп отуруп комитетке айландырып койду (өлкөбүздө комитет министирликтен төмөн болуп эсептелинет). Ансыз деле саны, сапаты боюнча бүгүнкү күндүн талаптарына коргоо комитети жооп бере албайт. 7 миңдей аскерлерибиз бар. А. Атамбаев, убактылуу Өкмөт жаңы Конституция түзүп жатканда дагы коргоо кеңеши дегенди түзүшкөн. Ал Коргоо Кеңешти Иосиф Сталин эле Улуу Ата Мекендик согуш убагында түзгөн. Ал эми баардык мамлекеттерде коопсуздук кеңеши бар. Ошондой мамиледен кийин келип туруп, А. Атамбаев Конституцияда жок, өзгөртүү кире электе башкы штабды ачып туруп, штабдын начальнигине коргоо министирин баш ийдирип койгон. Кыргыз Өкмөтү жөнүндөгү конституциялык мыйзам түздөн түз бузулган. Коргоо министирин койгонго же жумуштан алганга башкы штабдын жетекчиси сунуш берип калган. А коңшу мамлекеттерде, ошол эле чоң Россияда Генералдык штабдын жетекчиси Коргоо Министиринин биринчи орун басары болуп эсептелинет. Коргоо Министири биринчи турат. Генералдык штабдын жетекчиси С. К. Шойгунун биринчи орун басары болуп эсептелинет, андан сырткары Коргоо Министиринин дагы биринчи орун басары, башка орун басарлары бар. А бизде тескерисинче ушундай болуп калды. Коргоо тармагынын кадыр- баркы дагы түшүп турат. Ошону үчүн биздин өлкө башчыбыз, Өкмөт, Жогорку Кеңеш коргоо министрлигин кайра түзүшү керек эле. Чет элден грант, жардам болобу толук ала албай, кайдагы бир комитет дегендей. КПСС убагында комитеттер көп түзүлгөн.

Биз азыр болсо эгемендүү мамлекетбиз. Дагы бир кызык нерсе коргоо комитетинин, УКМК жетекчилерин Президент түздөн түз Өкмөт башчысынан сурабай туруп дагы коё алат. Өкмөт жөнүндөгү мыйзам боюнча коргоо комитети жана УКМК Өкмөттүн курамына кирет жана алар түздөн түз Өкмөт башчысына баш ийиши керек. Ошол эле учурда Конституция боюнча Президент куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысы болуп эсептелинет.

Бүгүнкү күндүн Конституциясына карасак ички, сырткы саясатты Өкмөт аныктайт деп жазылган. Бүткүл элден шайланган Президент башка кесиптештери менен жолукканда (саммиттерде) Кыргызстандын атынан, келишимдерге кол коёрдо "Сиздер күтө түрүңуздар, мен Өкмөттөн уруксаат сурайын деп айтышы керекби?" Макул деп Премьер- Министирдин дагы жеке өзү айтканга укугу жок. Себеби Өкмөт мыйзам боюнча коллегиалдуу орган болуп эсептелинет. Анда Өкмөт мүчөлөрүнүн чогулушу болуп, көпчүлүктүн макулдугу менен токтом чыгарылып, Премьер-Министр колун коюшу керек.

Бүткүл элдин атынан айтууга Президенттин жана Жогорку Кеңештин эле укугу бар. Менин жеке оюмча Президентке сырткы саясатты жүргүзүүгө конституциялык мүмкүнчүлүк жана жоопкерчилик берилиши керек эле. Бул маселелерди, мыйзамдагы карама каршылыкты жоюу убактысы келди деп эсептейм.

Акыркы убакта болуп өткөн саясий окуяларда кандай уят болдук. Куралдуу күчтөрдүн маселелери, чек ара көйгөйлөрү дагы көп болуп жатат. Ошол үчүн биздин солдаттарга кандай мамиле кылсак, кийин кайра анын жемишин көрөбүз. Башка бирөөнүн армиясын бакбай, өзүбүздүкүнө тиешелүү көңүл бөлсөк жакшы болоор эле деп эсептейм. Президент деле Россиядан үлгү алса болот. В.В. Путин, Б.Н. Ельцинден кийин Россиянын Президенти болгондо куралдуу күчтөргө кандай көңүл бөлүп туруп, кандай деңгээлге көтөрдү. Дүйнө жүзүндө азыр Россиянын куралдуу күчтөрү кандай деңгээлге келгенине жараша мамлекет башчысына, Өкмөтүнө ошого жараша мамиле кылууда. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк маанидеги баардык маселелерди азыр Россиянын Президентисиз, Өкмөтүсүз чече албай калган маал болду. Демек биз дагы ойлончу учур келди деп эсептейм.

Президентке сунуш катары айтаар элем, кайда жүрсөңүздөр дагы Мамлекет башчысы, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү бийлик ошол жердин шартына, ошол жерде өткөрүлүп жаткан иш-чараларына ылайыктуу кийинип, тиешелүү мамиле кылып, керектүү сөздөрдү айтып, туура элге-журттка иштеп берсек жакшы болоор эле.

Урматоо менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери К.С. Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости