www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Шаки мырза 4 млн $ короткон дейби?

"Информатор.кж" сайтынын негиздөөчүсү, журналист Тынчтык Алтымышев 23-сентябрда болуп өткөн "Кыргызстан" саясый партиясынын Курултайы тууралуу пикирин социалдык тармак аркылуу билдирди. 

--Эки күндөн бери дээрлик 70 пайыз сайттар "Кыргызстан" партиясынын сьездиндеги Шаки браттын сүйлөгөн сөзүн жарыша жарыялап чыгышты. Ушул боюнча пикирим бар эле...

Биринчиден, бул партиянын жыйыны. Шаки брат курултайда сүйлөө менен эч кандай эреже, мыйзам бузган жок, устав бузган жок, этикадан чыкпады, сүйлөөрү курултайдын программасында бар экен;

Экинчиден, ал табиятынан аз сүйлөгөн сөзгө сараң, идеяга бай, бирок, тамашакөй, юморлуу киши. Трибунага чыкты, партия мүчөлөрдүн, тарапташтардын колдоосу менен жеңишке жетээрин айтты, Кыргызстан демократиялуу өлкө экенин, ошондуктан, партия да демократиялуу болушу керектигин, айрым партиялар сыяктуу бир адамдын партиясы болбой, эгер партиялаш ар кааласа төрага алмашып турса болоорун ачык эле айтып, каалоосун элге ачык айтып жасады, көшөгө артында оюн кылган жок. Бол болгону ушуну сөз менен публикага толук жеткизе албады окшойт;

Үчүнчүдөн, ал көп мамлекеттерде, көбүнчө бийлик бир адамга топтолгон мамлекеттерде (Азербайжан, Белорусия) УЛУТТУК ОЛИМПИАДАЛЫК КОМИТЕТти өлкө президенттери эле башкалардан кызганып ээлеп алышаарын, бизде болсо демократия экенин, ошондуктан УОКто Президент болуп жүргөнүн толкундануу менен айтып өттү.

Анткени, ал ошол кызматка барганы ал результат көргөздү. Спортчуларга стимул берип, ири мелдештерде уткан балбандарга үй-жай берип, УОКтун материалдык техникалык шартын жакшыртты. Колдоо мыкты болгон үчүн Айсулуу баштап, 2020-жылкы Олимпиадага жолдомолор алынып жатат. Айрыкча, эки күн мурунку Айсулуунун Дүйнө чемпиону болгонуна биз мынча сүйүнүп жатканда, Астанада спорт лөктөрү менен отурган Шаки байке толкундабай эмне болуптур?!

Төртүнчүдөн, "Шаки партиянын ээси турбайбы" деп жатышат. Чындыгында, ошентип айтууга да негиз бар. Анткени, партияны уюштуруу иштери Канат Исаевде болсо, каржылоо Ш. Абдыкеримовдон болгону талашсыз. Демек, экөөнүн тең эркелешкенге акысы болсо керек. Жанынан 3-4 млн $ чыгарган киши кожоюн болбой ким?

Бул жеке пикирим, эч кимге үгүт де таңуулоо эмес, силердин пикириңерди да сыйлайм. Мен бул партияга мүчө эмесмин, партиянын убадасы, убарасы, келечеги, эмкиде шайлайсыңарбы, жокпу эч ишим жок. Маа демектен, Мээрбек айтмакчы, 18ин оптом, же бир бирден кармап кууруп жегиле!,- деген тамашалуу жана ачуу пикирин айтты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости