www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош — Эркештам жолунда үрөй учурган жол кырсыктан 2 адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыганан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-майда болжол менен саат 16:20 чамасында Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 106-чакырымында 1984-жылы туулган айдоочу Волво FH-13.500 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен 1982-жылы туулган айдоочунун башкаруусундагы Донфенг үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан ашып өтүп жатып, каршы тилкеде келе жаткан 1990-жылы туулган айдоочунун башкаруусундагы Волво FH үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен Волво FH үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми экинчи Волво FH үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү ооруканада көз жумган.
Азыркы учурда тийиштүү экпертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.