www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан менен Афганистандын чек арасында ок атылды. «РИА Новости» «Талибан» кыймылындагы булактарына шилтеме берип жарыялаган маалымат боюнча, «Торкхам» көзөмөл пунктунан өтүүгө аракет кылган афгандардын тобуна карата Пакистандын куралдуу күчтөрү ок чыгарган.

Афганистан түштүк жана чыгышынан Пакистан менен чектешет.

Жалпы 10 чакты адам чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Алардын ичинен 3 адам каза тапты. Дагы 5 адам жаракат алган.

Учурда Афганистандын бир гана Панжшер (борбор калаа Кабулдун түндүк-чыгышында жайгашкан) провинциясы Афганистандын аскерлеринин көзөмөлүндө. Башка аймакта «Талибан» көзөмөл жүргүзүп жатат.

Президент Ашраф Гани 15-августта өлкөдөн чыгып кеткенден кийин вице-президент Амрулла Салех өзүн өлкөнүн президенти деп жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости