www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ПЧР-тесттерди жасалмалаган адамдар кармалды

ПЧР-тесттерди жасалмалоого шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

25-август күнү интернетке Кыргыз Республикасынын аймагында ПЧР-тесттин жыйынтыгын жасалмалаган адамдар тууралуу журналисттик иликтөө чыккан. Бул материал милиция кызматкерлери тарабынан текшерилип, Аламүдүн РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренеси (Документтердин жасалмасы) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жургүзулүп, анын жыйынтыгында Чүй ОИИББдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан журналисттик иликтөөдөгү эркек кишилердин өздүгү такталып, колго түшүрүлгөн. Алар: 1996-жылы туулган А.Б. жана Б.А. аттуу жарандар болушкан. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты.
Алдын ала териштирүү учурунда, шектүүлөрдүн бири чек арадагы көзөмөл-өткөрмө жайлардын биринде такси айдап иштеп, кардарларды таап жүргөнү, ал эми шектүүлөрдүн экинчиси коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу ПЧР-тесттин жыйынтыгын даярдап келгени белгилүү болду.

ПЧР-тесттин жыйынтыгы үчүн кардар таап жүргөн шектүү 1300 сом алса, калган акчаны Б.А. алып жүргөн.

Учурда Чүй ОИИББдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан
мындай кылмыштарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу максатында ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости