www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17-августта Казакстандын Караганды облусунун Шет районунда Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 1966-жылы туулган Кыргызстандын жараны И.А.А. жаракат алып, Шет райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда ал медициналык мекемеде дарыланууда.
Ал эми Кыргызстандын эки жараны — 1963-жылы туулган И.Г.В. жана 1974-жылы туулган Е.Е.Ю. — кырсык болгон жерде каза болушкан. Маркумдардын сөөгү туугандарына өткөрүлүп, Кыргызстанга алып кетүү үчүн даярдалууда.
Кырсык боюнча Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги каза болгондордун жана жабырлануучунун жакындары, медициналык мекеме жана Казакстандын тиешелүү органдары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө.