www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмас Мынбаев - forbes.kz басылмасынын версиясы боюнча Казакстандын эң бай 50 адамынын бири.

Аны биздин өлкө менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев байланыштырат. Тагыраак айтканда "Кай Интерпрайз Плюс" ЖЧКсы. Бул фирманын уюштуруучулары болуп, шаардык кеңештин төрагасы менен биргеликте "SUN AVENUE PARTNERS CORР" компаниясы эсептелет. Панамалык документтер боюнча офшорлордо (британдык Виргин аралдары) катталган бул "SUN AVENUE PARTNERS CORР" юридикалык уюмга түздөн-түз казак олигархы, таасирдүү Мынбаевдердин өкүлү - Алмас Мынбаев ээлик кылат.

Өнөр жай, энергетика жана жерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматтарына таянсак, "Кай Интерпрайз Плюс" компаниясынын эки кен жатагына лицензиясы бар: 1) Чанач-Төмөнкү (майда алтын) - иштетүү; 2) Ничкесу (алтын, сурма, күмүш) - чалгындоо. "Ачык бюджет" сайтындагы маалыматка таянсак "Кай интерпрайз плюс" компаниясы тарабынан чын куран (апрель) айы үчүн жерди пайдалануу укугун берүүчү лицензияны кармап туруу үчүн төлөм жүргүзүлгөн. Ага ылайык фирма алиги күнгө чейин тоо кен тармагында жигердүү ишмердүүлүк жүргүзүп келет. 

Казакстандын эң бай 50 бизнесменинин рейтинги (2018, Бугу (май)

$80 000 000
Камсыздандыруу, фосфориттер / 44

Алмас Мынбаев "Nomad Life" жана "Nomad Insurance" камсыздандыруу компанияларынын жалгыз кожоюну болуп эсептелет жана «Улуттук лизинг компаниясы» АК, фармацевтикалык «BA Pharmaceuticals Ltd» ТОО жана «Интерфарма-К» АКда өз үлүшү бар. Ошондой эле, Британияда Виргин аралдарында катталган инвестициялык "Sun Avenue Partners Corporation" компаниясы дагы ага таандык. Бул компания Актөбө облусунун Чилисайында фосфоритти өндүргөн "Sunkar Resources" компаниясынан жалгыз ээси. "Sunkar Resources" аркылуу бизнесмен «Темир-Сервис» ТОО жана "Chilisai Chemicals" ишканаларына дагы ээлик кылып келет. ШТК «Спарта Номад» командасынын башкы демөөрчүсү.

https://forbes.kz/ranking/object/118

http://factcheck.kg/ky/post/67

Булак: "bugupress.kg"

Последние новости