www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дароо келишип алалы, бул кеңеш көбүнчө мырзаларды көп тандап, ар бир иш-аракетине, ал тургай “төшөктөгү оюнуна” да маани бере тургандарга арналган. Ошондуктан, “эмне жазып жатасың, жаштарга берер тарбия...” деген сыяктуу сөздөр менен “атып салбай...”, алгач өзүңүз да окуп алыңыз.

Жолугайын деп жаткан, көңүл жараштырганы турган жигитиңиздин төмөнкү беш аракетине кылдат көңүл бурсаңыз, адашпайсыз.

Кантип тамак жейт?

Тандооңуз бир жигитке түштү дейли. Турмушка чыккыңыз эле келет, бирок анын кандай адам болуп чыгарын билбейсиз. Анда эмесе, анын ар бир аракеттерине кунт коюп, көңүл бурушуңуз керек болот.

Мисалы, тамактанууга барганда анын тамакты кантип жейт экенине байкатпай гана көңүл бөлүп туруңуз. Ал кашыкты ар бир оозуна салганда тамшанып, аны жутканча шашылбай чайнап, тамактануудан өзгөчө ырахат алып жатабы?

Демек, сиз менен жолуккан сайын “тамшана турган” болот. Башкасын мындай койгондо, төшөк жаатында ал ишине абдан этият болгондордун катарында.

Ал эми тамакты шашып ичип, алдына эмне келсе, ошону “оро” берген эркектер, адатта, төшөктө да ошондой болушат. Изилдегендөөчүлөр кандай ыңгайлуу болсо, ошол абалда ишин бүтүрө берет, ал тургай, аялдын абалына көңүл да бурбайт дешет.

Эмне ичет?

Тамак жагын айттык. Эмики маселе, анын кандай суусундук тандайт экенинде.

Эгер жигитиңиз жолуккан сайын өзгөчө кошулмалары бар коктейль, же атайын ашпоз даярдаган суусундуктарга тапшырык берсе, төшөктө да эзгөчө аракеттерди жактырып, аны аткаргандардын катарында.

Ак шарап ичкендер – төшөк катнашына суук карашса, кызыл шарапты кызуу кандуулар тандашат.

Ал эми мартини, же ошого окшош “келжиретип салуучу” ичимдиктерди тандагандарды байкоо керек. Алар төшөктө да “келжиреп” калышы мүмкүн.

Ал эми көбүнчө сыраны тандагандар – тамашалоого келгенде катырганы менен, төшөк катнашында али “бала” десе болот. Мындан тышкары, көбүнчө сыра ичсе, социалдык абалы да жакшы эмес экенин билсе болот.

Акчаны кандай иштетет?

Адашпаңыз, төшөктө аракети кандай болсо, анын чөнтөгүнүн калыңдыгы да ошондой деген сөз жок. Бул жерде анын акчага көз карашы кандай деген сөз болуп жатат. Ошону байкоо керек.

Эгер сиз мейманканада олтуруп өзүңүз каалаган кымбат менюга тапшырык бергенде, ал токтоо калыбын өзгөртпөсө (чөнтөгү аны көтөрбөсө да), төшөктө да кандай учур болбосун, шашпайт. Ар бир маселени чече алган токтоо адам экенин билдирет. Мындай эркектер тандоого татыктуу.

Ал эми тапшырык бергениңизде көздөрү ойноктоп, же тамашалып болсо да чөнтөгүнүн жукалыгын айтса, андайлар төшөктө да жарытпайт.

Өзүнүн денесине кандай карайт?

Спорт менен машыгып, булчуң эттери чыгып турган эркектер көптөгөн аялдарга жагат. Албетте, өзүнө караган, денесин бир калыпта кармагандарды тыкан десе болот. Бирок, төшөктө эмес...

Мындан тышкары, эркектердин бели 90 смден ашса, аларды да “төшөктө мыкты” деп айтууга болбойт дешет изилдөөчүлөр.

Биринчи жолугушууда эмнелерди айтты?

Алгачкы кездешүүдө эле эркектин оорусу менен анын кандай “эркек” экенин билип алууга болот.

Ал үчүн алгачкы күндүн маегин эсиңизге салыңыз. Окуган китептер, саякаттар, көргөн фильмдер... Эгер жигит ушунун баарын сурап, өзү жөнүндө да айтса, демек сизди кылдат изилдегиси келгени. Мындан тышкары, сиздин да төшөктө кандай экениңизди изилдеп жаткан болушу мүмкүн.

Андайлар менен төшөктө да проблема болбойт. Себеби, өзү жөнүндө биринчи жолугушууда эле ачык айта алгандар төшөктөгү биринчи жакындашууда да эч нерседен тартынбайт.

Бирок, өтө билермандардан да этият болгон жакшы. Эгер маеги өтө көбөйүп, өзү жөнүндө гана айта берсе, мындан тышкары, сиздин маегиңизди буза берсе, төшөктө да бир гана өз дегенин жасагысы келгендерден болот.

Булак: “Чабарман”

Последние новости