www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын алкагында 244 долбоор ишке ашып, ага 20 млрд доллардан ашык каражат сарпталат.
Кыргызстанды 2020-2040-жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин катчысы Нурсулу Ахметованын айтымында, алдыда адамдар үчүн өндүрүштүк инфраструктура түзүү зарылдыгы турат. Айрыкча мындай инфраструктуралык долбоорлор энергетика тармагында ишке ашырылып, алар өлкөнү транспорттук туюктан алып чыгышы керек. Экономикалык долбоорлор ар бир аймактын катышуусунда бөлүштүрүлүп, алардын өзгөчөлүктөрү колдонулат. Ошондуктан, ар бир аймакта логистикалык борборлор түзүлөт.
Н.Ахметованын белгилөөсүндө, стратегия 244 инвестициялык долбоорду камтып, аларга 20 млрд доллардан ашуун каражат керектелет. Ичүүчү суу, санариптештирүү боюнча долбоорлор аныкталган. Ар бир аймак өзүнүн программасын ишке ашыруу үчүн мүмүнчүлүктөр менен ресурстарга ээ болушуп, аларга бирдей шарттар түзүлүшү керек.
Булак: NazarNews.kg