www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегияда каралган иш-чараларды ишке ашыруунун каражатын такташ керек. Бул тууралуу Туруктуу өнүгүү боюнча кеңештин жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында, буга чейинки 2017-жылга чейин өнүгүү стратегиясында каралган бир катар иш-чаралар каражаттын жоктуганын улам ишке ашпай калды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Ошондуктан Сулайманов убада берүүдөн мурун аны кайсы каражатка жана кантип ишке ашырса болоорун тактап алуу зарыл экенин белгиледи.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда эки маселе: 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы жана 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы талкууланууда.

Буга чейинки президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки стратегиясы иштелип чыккан. Кийин бул документ 2040-жылга чейин болуп кайрадан иштелип чыккан.

Сооронбай Жээнбеков президенттикке киришкен соң Кыргызстанды 2018-2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын жаңы долбоору иштелип чыкканы кабарланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости