www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бала бакчалардагы жемкордуктар тууралуу коңгуроолор кагылууда. Ата-эненин чөнтөгүн кактаган мындай кылмыштын мыйзам тамгаларына жамынган түрү республикада текши жүрүп жатканы жашыруун эмес. Социалдык түйүндөрдө так фактылар да көп келтирилет.
Ош шаарына караштуу Жапалак айылында жаңы салынган “Актан” балдар бакчасынын жетекчиси Сажида аттуу айым бир баланы кабыл алуу үчүн 10 миң сомдон алып жатканы айтылууда. Мындай маалыматтар социалдык түйүндөрдө кабарланды. Ушундай эле жагдай Ош шаарындагы 66чы “Жомок” балдар бакчасында да бар экендиги, анын жетекчисине катуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгы айтылууда. Ал эми бир жаран Бишкек шаарынын Кожзавод кварталындагы мамлекеттик балак бакчада “шапка” 10 миң сом болгондуктан 4 баласын бакчага бере албай үйдө кароого мажбур болуп жатканын билдирген.
Бала бакчаларга, мектептерге биринчи класска кабыл алуудагы мыйзамсыз төлөмдөр ата-энелер тарабынан канчалык көтөрүлбөсүн тиешелүү мамлекеттик мекемелер тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келет. Болгону акча жыйноонун ыкмалары түрүн гана өзгөртүп, ата-эненин чөнтөгүнөн чыккан акча баягы бойдон калууда. Ар бир мектепте формалдуу түрдө камкордук кеңештери, коомдук фонддор түзүлүп, аларга ар бир окуучу үчүн ата-энелерден мажбурлап каражат чогултушаары, төлөбөгөндүн баласы ар кандай формадагы кодулоолорго кабылаары белгилүү. Бирок, мамлекет мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүдөгү жемкордуктун мындай түрүн жоюуга шашылбайт.
Булак: NazarNews.kg