www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жетишет!- деп кыйкырууга 4 негиз

- Биринчиден. Быйыл Өзбекстандын чек арасы ачылып, мөмө-жемиштер тынымсыз өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу Кыргызстандагы дыйкандардын мээнети таптакыр эле акталбай калды. Ошентсе деле «Кудайдын бергени, кур-бекер талаада калып чирип жатпасын ушунча эмгек», – деп жаны тынбай, арзыбаган тыйынга жанын карч уруп жүрүшөт. Дыйкандардын турмушун көргөн гана билет: кышы менен парникке урукту бирме-бир эгип, сууктун күнүндө суу ташып суугарып, чөбүн отоп, чырмоогун тергенди «чыдаганга чыгарган». Ушул кордуктун эч бирине карабай, үн чыгарышпайт, «чоңдордон» эч нерсе күтпөйт.Себеби, алардын б*кко жарай алышпасын жакшы билет. Карапайым кишилердин таламын талашып: «Абалың кандай, ай жетим? Сызга олтурдуңбу?» – деген эч ким жок. Шайлоодо гана шыйпаңдап калышпаса...

- Экинчиден. Милициялардын, «укугубузду коргоочулардын» (!) коюнунда жашы жыйырмага жете элек чычкандай кыз бычакталып, кордолуп, кан-жаян болуп өлтүрүлдү. Ал аз келгенсип, «өлгөндүн үстүнө көмгөндөй» артындагы ата-энеси боздоп-сыздап акыйкат издеп президентке, сотко, элге канча айдан бери жалбарып жатат. Эч ким козголуп да койгон жок. Биздин мүнөз ушундай каамырабас экен: бир-эки күн өттүбү, дүйнөнүн кулап кеткени деле унутулуп калат. Атасы канча күндөн бери ММКлар аркылуу көзүн жашылдантып кайрылып, арга таппай калганда куйкаланып жатат. Ал эмес сөөгүн жер алып кеткен кыздын жылаңач, жансыз денеси бүтүндөй интернет сайттарга жарыяланып кетти, чындыктын жарты учкунан үмүт күтүп. Эч ким солк этип койбойт, үн-сөз жок. «Бурулай, кечир» деп чекеңерге жазып алып гана маашырланып калдыңар.

- Үчүнчүдөн. Биздин өлкө кулдарды чыгаруучу борборбу? Миграция, «Груз-200дүн» аягы барбы?

Төртүнчүдөн. Дача Судагы кырсыктын (же кылмыштын) жүзү ачылбай кала береби? Миллиондогон акчаларды жуткан кишилер кайра эле жылмышып ордуна олтуруп алабы? Күнөөсүздөр абакта качанга чейин чирийт? Биз популисттик менен гана жан багып калабызбы? Бийлик качан «Өлкөгө тигини куруп, муну жаңыладык, жумуш ордун түзүп, миграцияны азайттык» деген жыйынтыгын санап берет?

Бакай Алмаз

Булак: NazarNews.kg

Последние новости