www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык миграция уюму казак-өзбек чек арасында топтолгон 200дөн ашуун тажикстандык жаранды мекенине кайтарууга көмөк көрсөткөнүн билдирди.

"Жибек жоли" чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетинде топтолгон мигранттарды алып кетүү боюнча тажик өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Каржылай көмөктү Норвегия өкмөтү көрсөткөн. Эл аралык миграция уюму коронавирус пандемиясы башталгандан бери 1800 жаранды Тажикстанга жеткирүүгө жардам бергенин белгилеген.

Казак-өзбек чек арасында топтолгон мигранттардын арасында балдар, аялдар жана студенттер да болгон.

Уюм көптөгөн өлкө өкмөттөрүнүн пандемия маалында мигранттарга карата көргөн чараларына оң баасын берип, коомдук саламаттык стандарттарын сактоо менен аларды мекенине кайтаруу жолдорун издөөгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости