www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек куруп жатып айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
“Мен президент катары өз милдетимди аракет кылып аткарып жатам. Милиция өз милдетин аткарат. Журналист же активист сындап жазат. Сүйлөйт. Сындап, жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат да”, — деди өлкө башчы.
Ал алдыда чоң саясий иш — парламенттик шайлоо жакындап калганын белгилеп өттү.
“Өзүнө көңүл бурдургусу, тааныткысы келгендер болот. Мунун баары табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек. Бирок ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпаса. Башка жарандын укугун тебелебесе. Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш. Жогоруда айттым. Дагы кайталап айтам. Милиция да өз ишин аткарып жатат. Бирок мен, президент катары, мына ошондой суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин”, — деди Жээнбеков.
Булак: Nazar News.kg