www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга болгон иш сапарында реформа жүргүзүү үчүн экономикалык жактан жардам берүү маселесин көтөрдү. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 22-октябрда Казакбаев менен РФ Федералдык жыйынынын Федералдык кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев менен жолуккан.

ТИМ башчысы өлкөдөгү окуялар тууралуу маалымат берип, учурда кырдаал турукташканын, саясий процесстер конституциялык талаага кайтканын белгилеген.

Аны менен катар Кыргызстан мындан ары да Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаш мамилени чыңдоого өзгөчө маани бере турганын билдирген.

"Министр реформа жүргүзүү максатында экономикалык жардам көрсөтүү маселесин көтөрдү. Ошондой эле коронавируска каршы биргиликте күрөшүү, авиакаттамдарды толугу менен жандантуу, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды, товарларды жана эмгек ресурсун эркин жүргүзүү маселесин ортого салды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Россия тарап жогорудагы маселелерди стратегиялык өнөктөштүк жана союздаш мамилелердин алкагында чечүүгө көмөк көрсөтүү маанилүү экенин белгилеген

Последние новости