www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан социал-демократтар” партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону кийинкиге жылдырууга каршы. Бул тууралуу саясий партиянын Фейсбукта жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.

«Биз шайлоо күнүн жылдырууга каршыбыз, анткени бул шайлоо процессинде жарандардын конституциялык укугун бузат. Ошондой эле парламенттин жаңы чакырылышы референдум жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселелерин чечиши керек», – деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин алдында кабыл алынган мыйзамда парламенттин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү тартибин жөнгө салган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин конституциялык реформа аяктаганга чейин токтото турушу каралган. Шайлоонун даталары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен белгиленет. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости