www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Канатбек Исаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда тараптар түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы алакаларды арттыруу, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Алгач Төрага Канатбек Исаев Кыргызстандагы акыркы окуяларга токтолуп, түзүлгөн кырдаал өлкөнүн демократиялык өңүттө өнүгүп жатканынан кабар берерин белгиледи.
"Баарынан элдин пикири кымбат. Андыктан, калктын талабы эске алынып, Президентибиз өз ыйгарым укуктарынан баш тартуу менен кызматын өткөрүп берди. Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасы катары мамлекетти башкаруу укугунан баш тарткандыгыма байланыштуу Президенттин милдети Премьер-министрге жүктөлдү. Өзгөрүүлөрдүн баары мыйзам чегинде ишке ашып, мамлекеттин туруктуулугу эске алынды. Мындан ары да демократиялык багытыбызды чыңдоого жана парламентаризмди күчтөндүрүүгө аракет кылабыз", - деди.
Андан сырткары, Кыргызстан эл аралык милдеттемелерди, буга чейин кол коюлган эки жана ар тараптуу келишимдер менен макулдашууларды так аткарарын белгилеген Канатбек Исаев: "Өнөктөштөрүбүз менен болгон достук мамиле өнүктүрүлүп, инвесторлордун укугу жана өлкө аймагында чет мамлекеттик жарандардын коопсуздугу корголот", - деп кошумчалады.
Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берген Төрага: "Аталган кеңеш түзүлгөндөн бери түрк тилдүү элдердин боордоштук алакасын чыңдоо багытында жигердүү иштер жасалууда. Андыктан, мындан ары да тарыхый тамыры бир мамлекеттердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгынын уланышына кызыкдарбыз", - деп белгиледи.
Өз кезегинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Канатбек Исаевге ыраазычылык билдирип: "Боордош кыргыз элиндеги туруктуулук бардык түрк тилдүү мамлекеттер үчүн маанилүү. Ар дайым калыптанган алакаларды бардык тармактардагы байланыштар менен бекемдөөнү көздөйбүз. Бул үчүн саясий мамилелердин алкагында экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүбүз зарыл", - деди.
Булак: NazarNews.kg