www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустун экинчи толкунуна даярбыз деп айтуу оор, анткени инфекциянын пандемиялык көрүнүштөрү ар кандай болуп жатат, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Анын айтымында, ар бир учурда күтүлбөгөн нерселер болуп кетиши мүмкүн.
«Бардык факторлорду эске алуу менен эпидемиологиялык анализ жүргүзүлүп жатат. Болжолдоо ар дайым кыйынга турат», - деди.
Үсөнбаевдин айтымында, оору боюнча божомолду кыска мөөнөткө гана жүргүзүүгө болот.
«Бул илдетке кабылган учурлар көбөйүүдө. Буга калктын көпчүлүгүнүн белгиленген тартипти сактабагандыгы, дарыгерлердин сунуштарын укпагандыгы, маска режимин, аралыкты сактабай жаткандыгы себеп болду », - деди ал.
Булак: NazarNews.kg