www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде Нур-Султан шаарында коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 7 учур катталып, жалпы саны 44 адамга жетти. Алардын ичинен 19 учур Алматыда, 25 учур Нур-Султан шаарында аныкталды.

Муну менен катар, аталган эки шаарда карантин режими башталып, жарандар 15-апрелге чейин чет өлкөгө чыга алышпайт. Бул чет өлкөгө дарыланууга бара турган жарандарга тийиштүү эмес. Алар Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин мекемелери тарабынан тастыкталган документти көрсөтүшү керек.

Эске сала кетсек, Казакстандын аймагында COVID-19 аныкталган биринчи учур 13-мартта катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости