www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирус илдетинин жайылышына каршы мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Муну менен өкмөттүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсепти толуктоо үчүн 200 миллион сом бөлүп берүү жөнүндө сунушуна макулдук берилди.

Эске сала кетсек, 18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылды. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

19-мартка карата, Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости