www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын алдын алуу жана аны жайылтпоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эки өлкөнүн соода-экономикалык, социалдык, каржылык жана транспорттук чөйрөлөрүндө коронавирустан улам терс кесепеттерди жеңип чыгуу боюнча көрүлүп жаткан күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн кайтып келип жаткан Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагында болушу жана транзиттик өткөрүү маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен, координацияланган чараларды улантуу зарылдыгы жөнүндө орток пикирде болушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости