www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Афганистандын жаңы бийлиги менен гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн конструктивдүү байланыш түзүүгө даяр. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.

Өлкө лидери чет элдик элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, Афганистан боюнча кеп козгогон. Президенттин сөзүн маалымат катчысы Берик Уали Facebook баракчасына жарыялаган.

"Башынан көп азап өткөргөн мамлекеттин гуманитардык көйгөйлөрүн чечүү максатында жаңы бийлик менен конструктивдүү байланыш түзүүгө даярбыз", — деген Токаев.

Ал ошондой эле Афганистан стабилдүү, суверендүү, бирдиктүү, өз ара жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган өлкөгө айланышы керектигин белгилеген.

"Казакстан сиздердин мамлекет менен зомбулукту, баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн, көзөмөлсүз миграцияны алдын алуу максатында кызматташууга даяр. Эл аралык коомчулук ушул өткөөл мезгилде Афганистанды көз жаздымда калтырбашы керек", — деди Токаев.

Эске салсак, августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Панжшер провинциясы Афганистанда талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан жалгыз аймак болчу. Бирок 6-сентябрда талибдер бул аймакты да толугу менен көзөмөлүнө алганын жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости