www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка талапкер болуп жаткандарга коюлган "бардык талаптарга жооп бере турганын" билдирди.

БШК Токаевдин өкүлдөрүнө кол топтоо үчүн атайын баракчаларды берүү чечимин кабыл алды. Казакстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкерлер жалпы шайлоочулардын 1% кем эмесинин же 118 миңден ашык кишинин колун топтошу керек. Ошондой эле мыйзам боюнча өлкөнүн учурдагы президенти лингвистикалык сынактан да бошотулат. Буга байланыштуу 69 жаштагы Токаев талапкерлер үчүн милдеттүү болгон мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырбайт.

Токаев президенттик кызматка ондогон уюмдун, анын ичинде парламенттеги үч партиянын атынан талапкер катары көрсөтүлдү. 6-октябрда бул партиялар жана коомчулукка кеңири таанымал эмес уюмдар "элдик коалицияга" бириккен.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген. Мыйзам боюнча ага саясий партиялар же республикалык маанидеги коомдук уюмдар гана талапкер көрсөтө алышат.

Бүгүнкү күнгө карата президенттик кызматка алты талапкердин аты-жөнү белгилүү. Токаевден тышкары "Ауыл" партиясынан Жигули Дайрабаев, Казакстандын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынан Нурлан Ауесбаев, "Аманат" кесиптик кошуундар бирлигинен Мейрам Кажыкен, Социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан Каракат Абден жана "Мукалмас" биримдигинин атынан мурдагы депутат Нуржан Альтаев талапкерлигин коюшту.

1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. Андан кийин Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол коюп, президенттик ыйгарым укуктардын мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартып, мамлекет башчынын экинчи мөөнөткө шайлануу укугун алып салган.

Айрым эксперттер Токаев бул шайлоо аркылуу өз позицияларын бекемдеп алууну көздөгөнүн айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости