www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан жайлата күн кайнап турган учурда Кыргызстандан келишимде көрсөтүлгөн сууну алып бүтүп, Киров, Орто-Токой суу сактагычында топтолгон суу какшып калганын көрүп, билип туруп, суу кереги жок учурда атайын "суу бербей жатышат" деген шылтоо менен чек арасын жапты. Мындай боор санаган коңшу Казакстандын атайын чагымчылдык кылып жасап жатканы акылга сыйбайт.
Булар Кыргызстандын бийлигин тоготпой, суунун баарын алып бүтүшүп анан кас душман жасабаган жорукту жасашууда. Мындай көрүнүш менен кышында Кыргызстан Россия менен Түркмөнстандан 3,5 миллиард кВтсаат электр энергиясын сатып алуу боюнча импортту өткөрүп бербей кыйнашаары көрүнүп турат. Андыктан, эгер Казакстан кышында атайлап электр энергиясын өткөрүп берүүгө дагы бут тосо турган болушса, жазда бир тамчы суу берилбей турганын ачык айтып тең ата мамиле кылуубуз абзелби? Булар дипломатия, жакшы мамилени түшүнбөгөндөй...
Экинчиден, Казакстанда күзүндө чоң толкундоолор орун алышы ыктымал болуп турат. Элдин бийликке карата нааразычылыктары күч.
Дегенибиз, бүгүнкү күндө Казакстандын төрт облусунда:
1.Жаңы-Өзөн – мунайчылар; 2.Кызыл-Ордо – темир жолчулар;
3. «Шубаркөл көмүр» ишканасынын карагандылык жумушчулары;
4. Алматы облусунда атомдук электр станциясынын курулушуна каршы нааразылык акциясы өтүүдө.
Бул нааразычылыктардын жарылуучу мезгили күзгү жыйым-терим бүткөн учур болоору айтылууда.
Мына ушул элдин чыңалуусун сырт жакка багыттоо максатында, Кыргызстан Казакстанга суу бербей, айыл чарбасы жабыркап жатат деп элинин көңүлүн Кыргызстанга бурдуруп алаксытуу амалын көрүүдө.
Биздин расмий бийлик өкүлдөрү болсо кайсы суу сактагычта канча суу топтолгонун, анын канчасын кайсы айда казак тарап алганын факты-аргумент менен алдыларына жайып таштагандын ордуна актанып, байкуш болуп отурушат. Демек, казактардан мурда, маалыматты ачык айтпай өзүбүздүн элден жашырган бир себептери бардай.
Ал эми бийликтин позициясын билдирип, кошоматчылык менен маалымат жайылткандар болсо казактарга "суу жок болсо өлүп берелиби, сийип берелиби?!" деген сыяктуу күлкү келген көчөнүн сөзүн айтып кайрылуу жасап жатышат. Деңгээл...
Булак: NazarNews.kg