www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Көкбөрү федерациясы 3-сентябрда Красноярск командасы менен оюнга эмне үчүн чыкпай койгонун түшүндүрүп, алар мелдештерге чыгуу үчүн үч талап койгонун билдирди.

Аталган өлкөнүн Көкбөрү федерациясынын президенти Эрлен Оспановдун “Азаттыкка” билдиришинче, биринчи талап - көкбөрүнү тай казаны жок ойноо болсо, экинчиси - башка өлкөлөрдүн көкбөрүчүлөрүнүн арасында кыргыз оюнчулары кошулбашы керектиги тууралуу талап болгон. Ошондой эле казак тарап көкбөрүчүлөрүнө атты кыргыз тарап камсыздап бериши керектигин макулдашкан.

Оспанов кошумчалагандай, үч талаптын бири да аткарылган эмес, ошондон улам команда Көчмөндөр оюндарынын тайпалык оюндарына чыгуудан баш тарткан.

- Азыр командалар оюнду баштап жибергенин көрүп жатабыз. Бизди ат менен камсыздап беришти, бирок калган эки талабыбыз аткарылбай калды. Ошого карабай биз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында оюнга чыга берүүнү чечтик. Азыр калыстар эгерде бизге уруксат берсе, эртеңден баштап ойной беребиз.

Ошол эле кезде Кыргыстандын Көкбөрү федерациясы тай казандарды алып таштоо мүмкүн эмес экенин, мындан бир жыл мурун эле оюндун эрежеси казак тарапка жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Казакстандын көкбөрүчүлөрү 3-сентябрда саат 12:30да Орусиянын Красноярск командасы менен беттешмек. Бирок казакстандык улакчылар келген эмес. Эртең казак көкбөрүчүлөрү бир күндө эки оюн өткөрүшөт.

Булак: "Азаттык"

Последние новости