www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев азырынча парламенттеги партиянын фракциясынан чыгаруу тууралуу сөз жок экенин "Азаттыкка" билдирди.

- Менин мандатым бар, депутат катары фракцияда кала берем. Фракциянын регламентти өзүнчө жазылган. Азырынча мени чыгаруу жөнүндө сөз жок, -деди депутат.

29-августта КСДПнын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

Партиянын саясий кеңеши ошондой эле Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына Кожобек Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, тиешелүү убактылуу комиссиялардагы, жумушчу топтордогу жана туруктуу делегациялардагы мүчөлүгүнөн чакыртып алууга кеңеш берген.

Рыспаев 2010-жылы “Ар-Намыс” саясый партиясынын тизмеси менен V чакырылышта, 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен VI чакырылышта Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2012-жылдан бери парламенттеги Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгын аркалайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости