www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын өкмөтү коронавирустун экономикага тийгизген терс таасирин басаңдатыш үчүн чукул чаралардын топтомун даярдоодо. Анын негизинде 700 млрд. теңге (1,6 млрд. доллар) бөлүүнү пландап жатат.Бул тууралуу Улуттук экономика министри Руслан Даленов онлайн-режимде өткөн өкмөттүк жыйын учурунда билдиргенин казак басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, каражаттын 300 млрд. теңгеси ишкерлерди колдош үчүн бөлүнөт. Калган 400 млрд. теңге артыкчылык берилген долбоорлорго жеңилдетилген насыя берип келген өкмөттүк программага кошумчаланат.

Өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу 16-марттан 15-апрелге чейин жеке ишкерлер, чакан жана орто ишканалар үчүн алган насыянын төлөө мөөнөтү 90 күнгө жылдырылат.

Каржы базарын жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Мадина Абылкасымова жеке адамдардын насыя төлөмдөрү кечиккен учурда да айып пул же туум жазылбай турганын белгиледи. Бул эреже банк эле эмес, чакан насыя компанияларынан, анын ичинде ломбарддан карыз алгандарга да тиешелүү.

COVID-19 вирусуна байланыштуу Казакстан 16-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыялап, ири соода жайларынын ишин чектеди. Элди чогулткан иш-чараларга тыюу салынды. Өлкө аймагына кирүү жана чыгуу чектелди. Өкмөт онлайн-режимде иштөөгө өттү.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны акыркы суткада эки эсеге көбөйүп, 27 кишиге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости