www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТӨЛГӨ: Жуп ийне менен түгөйүңүзгө төлгө ачыңыз...

Төлгө - төлгө ачуу. Төлгө салуу деп дагы айтыла берет. Айлана-чөйрөнү, жаратылышты, адамдардын кулк-мүнөзүн билүү менен, кандайдыр бир буюмдардын, кубулуштардын жана башка белгилердин жардамы аркылуу алдыда боло турган окуяны, анын мүнөзүн алдын ала чечмелеп берүү дегенди түшүндүрөт. Ал эми окурмандарга СЫРДУУ ДҮЙНӨ гезетасы түгөйүнүз тууралуу төлгө ачууну сунуштайт.

Төлгө салардан мурда бир мискей суусу менен жана бири узун, бир кыска эки ийне камдап алуу зарыл.

Кыскасы - өзүңүз, ал эми узуну болочоктогу жарыңыз болсун дейли.

Экинчи кадам - ийнени майлап туруп сууга саласыз.

Суудан ийне бириксе - тилегиңер бир болуп, баш кошосуңар, эгер узуну менен жабышып калса - ортодогу мамиле чын достук боюнча калат.

А көздүү учтары бириксе түшүнбөстүктүн белгиси, таптакыр эле эки жакка баштанса эч кандай сезим жөнүндө сөз болбойт, баары жалган. Эгерде сиздин ийне чөгүп кетсе - убакытка уттурбай кол үзүп, жашоону жаңы барактан баштоо керек дегендик. Ийненин экөө тең чөгүп кетсе төлгөнү кайра кайталап салуу ылаазым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости