www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын эл аралык каттамдагы жүргүнчү ташыган поезддери убактылуу токтотулат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 164 мамлекетке жайылып жаткан коронавируска байланыштуу Кыргызстан бүгүн, 17-марттан тарта, Бишкек – Москва, Бишкек – Казань, Бишкек – Новосибирск багыты боюнча каттаган поезддер ишин токтотот.
"Билет алып койгон жүргүнчүлөргө акчасы толугу менен кайтарылып берилет. Бишкек — Мерке каттамы дагы Кайыңды станциясына чейин кыскартылды", — деп айтылат маалыматта. Ал эми Кыргызстандагы Бишкек — Токмок, Бишкек — Кара-Балта ички каттамдары өзгөрүүсүз иштей бермекчи.
Эске сала кетсек, Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны акыркы суткада эле 27ге жетсе, Өзбекстанда жаңы типтеги вирусту жуктургандардын саны 8ге жетти.
Булак: NazarNews.kg