www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан БУУнун Орусияны Украинадан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүсүн талап кылган резолюциясына каршы добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда «Азия плюс» маалымат агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, Астана атайын аскердик операция башталгандан бери биринчи жолу ушундай кадамга барды.

Документте “Украинага аскерий басып кирүүнү токтоосуз токтотуу жана анын бардык куралдуу күчтөрүн өлкө аймагынан эч кандай шартсыз чыгарып кетүү” талабы камтылган.

Резолюцияны кабыл алууга 82 өлкө добуш берсе, 80 мамлекет калыс, 14 мамлекет каршы добуш берди. Алардын арасында Орусия, Беларусь, Казакстан, Кытай, Иран, Түндүк Корея, Сирия, Никарагуа, Эритрея, Эфиопия, Мали, Судан, Зимбабве жана Куба бар.

Резолюция 15-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясынын талкуусуна коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости