www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда өзгөчө абал мезгилинде 1 миллион 779 жаран жөлөк пул катары 42 500 теңгеден алышты. Бул тууралуу өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Биржан Нурымбетовго таянып, Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Анын айтымында, жөлөк пул алуу үчүн жалпысынан 4 миллион 900 миң киши арыз менен кайрылган.
«Биз кайрылуулардын ар бирин текшерүүгө аргасыз болуп жатабыз. Анткени алардын 1 миллион 200 миңге жакыны бири-бирин кайталайт. Чыныгы адамдардын саны 3 миллион 700. Арыздарда каталар көп, көпчүлүгү жеке идентификациялык номурларын, банк эсептерин туура эмес көрсөтүшкөн. Мындайлардын саны 150 миңге жакын», — деди министр.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда 973 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 11и каза болуп, 99 киши айыкты.
Булак: NazarNews.kg