www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Словениянын премьер-министри Янез Янша УЕФА уюмунун президенти Александер Чеферинди Европа чөлкөмүндө коронавирусту жайылткан деп айыптаганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Премьер-министрдин айтымында, бул жоопкерчиликсиз. Миландагы "Сан-Сиро" стадионунда өткөн Чемпиондор Лигасынындагы "Аталанта" - "Валенсия" беттеши биологиялык бомба болду.
“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эскертүүлөрү УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жана Европа Лигасын токтото турганы үчүн жетиштүү болгон жок. Бул алардын акчаны гана ойлоп жаткандыгын далилдейт", - деп билдирген Янша.
Эске сала кетсек, Италиянын Бергамо шаарынын мэри Жоржио Гори 19-февралда өткөн Чемпиондор Лигасындагы "Аталанта" – “Валенсия" беттешине 40 миңдей адам келгенин, бул оюн Италия үчүн биологиялык бомба болгонун айткан.
Булак: NazarNews.kg