www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Коргоо министрлиги Россияга аскердик техника жөнөтүлгөнү тууралуу маалыматты четке какты.
«Социалдык тармактарда Казакстандын аскердик техникасы Россияга жөнөтүлүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Интернет желесиндеги тараган видео аскердик техникалардын пландык күжүрмөн даярдык боюнча машыгуусу учурунда тартылган», — деп айтылат өлкөнүн Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө. Билдирүүнү Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен түзүлгөн Stopfake.kz сайты таратты.
Буга чейин, 6-апрелде тармакка Караганда облусунда тартылган видеотасма пайда болуп, анда аскердик техниканын ташылып баратканы тартылган. Видеонун авторлору техника Россиянын Кемерово шаарына жеткирилип жатканын айтышкан. Коргоо министрлиги 2022-жылдын 27-августунан тарта республикада курал-жарактарды жана аскердик техниканы экспорттоого тыюу салынганын эскертти.
Казакстандын Коргоо министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 6-апрелде республикада артиллериялык жана авиациялык бөлүктөрдүн катышуусунда тактикалык машыгуулардын этабы аяктады. Машыгууларга танктар, тик учактар жана дрондор тартылган.
Булак: NazarNews.kg