www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан парламенти эки палатанын биргелешкен жыйынында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына жөнөтүү сунушун жактырды.

Өлкө президентинин сунушу менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүн Борбордук Африка Республикасындагы, Конгодогу жана Малидеги БУУнун миссияларына көбүрөөк катыштыруу пландалууда.

Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыковдун айтымында, миссиянын алкагында аталган өлкөлөргө жөнөтүлө турган казак күчтөрүнүн курамында 430 жоокер болот. Мындан тышкары казак аскерлеринин "БУУнун Ливандагы убактылуу күчтөрү" миссиясына катышуусун улантуу пландалууда.

Казакстандын күчтөрү миссиянын алкагында штабдык офицерлердин, аскердик байкоочулардын, атайын жөө аскерлердин, медициналык, чалгындоо, инженердик бөлүмдөрдүн жана аскер полициясынын катарларында кызмат өтөйт деп болжолдонууда.

Жакшылыковдун айтымында, Казакстандын тынчтык орнотуу күчтөрүнө БУУнун миссиясында жүргөн маалда үч эсе көп айлык төлөнүп берилет.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 2014-жылдан бери Казакстандын 45 офицери БУУнун Батыш Сахара, Кот-д'Ивуар жана Ливандагы миссияларына аскердик байкоочу жана штабдык офицер катары катышкан. 2018-жылы БУУнун "Ливандагы убактылуу күчтөрүнүн" курамында Казакстандын 520 жоокери болгон.

Бүгүнкү күндө БУУнун Батыш Сахарадагы миссиясында жана "Ливандагы убактылуу күчтөрдүн" курамында Казакстандын 15 жоокери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости