www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Коргоо министрлиги ата-мекендик өндүрүштөгү "Шагала" аталышындагы алгачкы учкучу жок учуучу аппаратын Нур-Султан шаарына жакын жерде сынаганын билдирди.

Аны Улуттук коргоо университетинин окумуштуулары жасап чыккан. Аппарат аймакта чалгындоо иштерин жүргүзүүгө багытталган жана 3500 метр бийиктикте эки саат учуп жүрө алат. Ошол эле маалда 30 чакырымга чейинки аралыкта башкарылып, керектүү объектилердин координаттарын операторго жиберет.

Аппарат казакстандык программалык камсыздоо менен иштейт. Адистер "Шагала" башка чет элдик жабдуулардан кем калышпай турганын жана салыштырмалуу бир топ арзан экенин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости