www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда 16 жашка чыга элек жарандардын социалдык тармактарда катталуусуна мыйзамдык деңгээлде тыюу салуу пландалууда.
Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев мугалимдердин август конференциясында билдирди.
Анын айтымында, өкмөт 16 жашка чейинки колдонуучулардын социалдык тармактарда катталуусуна тыюу салууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Президент мыйзам долбоорун Курултайдын биринчи сессиясында кароону сунуштай турганын айтты.
Токаев 2018-жылы кабыл алынган балдарды ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо боюнча мыйзамды азыркы шарттарга ылайык кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Президенттин айтымында, социалдык тармактар, санариптик платформалар, жасалма интеллект жана агрессивдүү маркетинг балдардын дүйнө таанымына үй-бүлө жана мектеп менен катар олуттуу таасир тийгизүүдө.
Ошондуктан балдардын психологиялык жана маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттик маанидеги маселеге айланууда.
Ошондой эле өкмөткө интернеттеги балдар үчүн зыяндуу контентти чыпкалоо боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды.
Токаев ата-энелердин жоопкерчилигине гана таянуу жетишсиз экенин айтып, балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган милдеттүү балдар SIM-карталарын колдонуу механизмин кеңейтүүнү тапшырды.
Президент мындай чектөөлөр бир катар өнүккөн өлкөлөрдө да киргизилип жатканын белгилеп, балдарга карата мүмкүн болуучу коркунучтардын алдын алууга басым жасоо зарылдыгын айтты.