www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Текшерүү учурунда мэр сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды караштырууну тапшырды. Ошондой эле иттерди сейилдетүү эрежелери жазылган маалыматтык тактайчаларды орнотуу зарылдыгын белгиледи.

«Шаарда үй жаныбарларын багып жүргөндөр көп экенин көрүп жатабыз. Алар үчүн тиешелүү шарттарды түзүшүбүз керек», — деди Айбек Джунушалиев.

Реконструкциянын алкагында жөө адамдар жүрүүчү тротуарлар жана ирригациялык тармак жаңыланып, бордюрлар орнотулат. Мындан тышкары, балдар жана спорт аянтчалары курулуп, аймак жашылдандырылат жана тамчылатып сугаруу системасы уюштурулат.

Иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө. Подрядчы — «АЖК Строй» ЖЧКсы.

 

Последние новости